“Жылмайып кой” акциясы

09.12.2021 0 comments admin Categories новости
“Давха” мектеп-комплексинин 9-Б классынын окуучулары “Жылмайып кой” акциясын өткөрдүк .Таң эрте жакшы каалоолор жазылган баракчаларын алып, ар бир окуучу, жагымдуу маанай менен сабакка киришти.
Күнүбүздүн көңүлдүү өтүшү, маанайыбызга байланыштуу.
Бир аз да болсо , таң эрте Жума күндүн урматына жакшы маанай түзгөнгө аракет кылдык.
Баарыбыздын жүрөгүбүздө ыйман , жан дүйнөбүз бактылуу, кабагыбыз ачык болуп , жүзүбүздөн жылмаюу кетпесин! !!
Ар дайым бири-бирибизди кубантып, сүйүнтүп,маңдайыбыз ачык болушуна өбөлгө түзөлү!